5-статья. Жекече детективдердин жана жекече детективдик ишканалардын укуктары жана иштөө аракеттери
Күчүндө · 25.11.2022 редакциясы · II Бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109
Жекече иликтөөчүлүк иштин жүрүшүндө жекече детективдер жана алардын ишканалары төмөндөгүлөргө укуктуу:
- менчигинин түрүнө карабастан ишканалардан, уюмдардан өздөрүнүн суроо-талабы боюнча маалыматтарды жана документтердин көчүрмөлөрүн алууга;
- тийиштүү маселелер боюнча сурамжылоого;
- буюмдарга жана документтерге (алардын ээлеринин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен) байкоо жүргүзүүгө;
- граждандарга, кызмат адамдарына (алардын макулдугу менен) оозеки суроо жүргүзүүгө;
- менчиктин ээсинин же анын өкүлүнүн макулдугу менен имараттардын, башка жайлардын аймагын карап чыгууга;
- атайын билимди талап кылган маселелерди чечүү үчүн адистердин пикирин суратууга;
- граждандардын жана уюмдардын мыйзамдуу мүдөөлөрүнө жана укуктарына шек келтирген адамдарды кармоого жана токтоосуз түрдө ИИМдин органдарына жеткирүүгө;
- (КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171 Мыйзамына ылайык тогузунчу абзац күчүн жоготту)
Жекече иликтөө ишин жүргүзүүдө видео- жана үн жазмаларды, кинофото сүрөттөрдү, граждандардын өмүрүнө, саламаттыгына жана айлана-чөйрөгө зыянсыз техникалык жана башка каражаттарды, ошондой эле оперативдүү радио жана телефон байланышын пайдаланууга болот. Жекече детективдерге өз өмүрү менен саламаттыгына опурталдуу кызматтарды аткаруу зарыл болгон учурларда, аларга атайын каражаттарды пайдаланууга уруксат берилет. Ал каражаттардын түрлөрү, аларды сатып алуунун, каттоонун, сактоонун жана алып жүрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (Төртүнчү бөлүк КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Бешинчи бөлүк КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2006-жылдын 13-февралындагы № 55, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2014-жылдын 31-декабрындагы № 180, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 25.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 декабря 2014 года № 180 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О частной детективной и охранной деятельности в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 октября 2012 года № 171 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 февраля 2006 года № 55 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О частной детективной и охранной деятельности в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
25.11.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…сактоонун жана алып жүрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(Төртүнчү бөлүк КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № … 55, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2014-жылдын 31-декабрындагы № алынып салынды: 180 кошулду: 180, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 31.12.2014 · № 180
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 11.10.2012 · № 171 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/642/st-5" title="5-статья - Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>