# 4-статья. Жекече детектив

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/642)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 1-июлундагы № 35 "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 01.07.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2019 года № 83 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере официальной статистики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111930)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.07.2019 [Закон КР от 8 июля 2019 года № 83 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере официальной статистики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111930); 31.12.2014 [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 180 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О частной детективной и охранной деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205401); 11.10.2012 [Закон КР от 11 октября 2012 года № 171 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203771)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/642#diff=1220534..1220535>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-607/edition/1220528/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/642/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө, 4-статья (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-4

---

Жекече детектив деп ушул Мыйзамдын \_3-статьясынын 2-бөлүгүндө айтылган кызматтарды аткарган Кыргыз Республикасынын гражданы таанылат. Иликтөө иши жекече детективдин негизги иши болот, аны мамлекеттик кызмат же коомдук бирикмелерде эмгек акы төлөнүүчү шайланма кызмат менен кошуп аткарууга уруксат берилбейт. Жекече детективдик ишмердик менен иштөөгө төмөнкү жаран укуксуз:

1) юридикалык билими жок же жекече тыңчы катарында иштөө үчүн атайын даярдыктан өтпөгөн же болбосо оперативдик жана тергөө бөлүкчөлөрүндө үч жылдан кем иш стажы болгон;

2) психикалык оорусу, алкоголизм же баңгилик боюнча саламаттык сактоо органдарынын эсебинде турган;

3) соттолгондугу жоюлганына же алынганына карабастан соттуулугу бар.

Жекече детективдик ишмердик менен иштөөгө талапкер жаран Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарында жекече ишкер катары мамлекеттик каттоодон өтүүгө милдеттүү. (КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2014-жылдын 31-декабрындагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Көңүл буруңуздар! Ушул Мыйзамдын 4-статьясынын 4-бөлүгүндө "бекитилген" деген сөз жок болгондуктан, КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамы менен берилген өзгөртүүлөр киргизилген жок.

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-3)  
Кийинки берене: [4-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-4-1)
