# 3-статья. Жекече детективдик жана күзөт ишмердигинин түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/642)
- Документтеги орду: I Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 1-июлундагы № 35 "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 01.07.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 февраля 2003 года № 41 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1165)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/642#diff=1220528..1220529>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-607/edition/1220528/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/642/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө, 3-статья (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-3

---

Жекече детективдик ишмердик иликтөө иштерин аткаруу үчүн жүргүзүлөт. Иликтөө максатында төмөндөгүдөй кызматтарды көрсөтүүгө уруксат берилет:

1) процесстин катышуучулары менен болгон келишимдин негизинде граждандык иштер боюнча маалымат топтоо;

2) рынокту изилдөө, ишкер сүйлөшүүлөр үчүн маалымат чогултуу, төлөө жөндөмү жок же ишенчиликсиз ишкер өнөктөрдү аныктоо;

3) ишкердик жумуштарда фирмалык белгилер менен наамдарды мыйзамсыз пайдаланган учурларды, карасанатай атаандаштыкты, ошондой эле коммерциялык сырды камтыган маалыматтарды жарыя кылган учурларды аныктоо;

4) эмгектик жана башка келишимдерди түзүп жаткан айрым граждандардын өмүр баяны боюнча жана алар жөнүндө мүнөздөмө берүүчү башка маалыматтарды аныктоо (алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен);

5) дайынсыз жоголгон граждандарды издөө:

6) граждандардын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жоготкон мүлкүн издөө;

7) процесстин катышуучулары мерген болгон келишимдин негизинде кылмыш иши боюнча маалыматтарды топтоо. Мындай маалыматтарды топтоо жөнүндө кардар менен келишим түзгөндөн кийин жекече детектив алгачкы иликтөө жүргүзүп жаткан адамга, кылмыш иши боюнча өндүрүш жүргүзүп жаткан тергөөчүгө, прокурорго же сотко бир сутканын ичинде бул жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлашка милдеттүү.

Күзөтүү максатында кызмат көрсөтүүнүн төмөнкүдөй түрлөрүнө уруксат берилет:

1) жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоо;

2) менчик ээлеринин мүлкүн кайтаруу, анын ичинде аны ташыган учурда;

3) күзөт-өрт сигналынын каражаттарын долбоорлоо, монтаждоо жана пайдалануу жагынан тейлөө;

4) укукка каршы кол салуулардан укук ченемдүү коргонуу маселелери боюнча кардарларга консультацияларды берүү жана аларга сунуштарды даярдоо;

5) массалык иш-чаралар өткөрүлгөн жерлерде тартипти камсыз кылуу.

Жекече детективдик жана күзөт ишмердигин жүргүзгөн ишканаларга укук тартибин камсыз кылууда укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө, анын ичинде келишимдик негизде көмөк көрсөтүүгө укук берилет. Жекече детективдин, жекече детективдик ишкананын же бирикменин, жекече күзөт ишканасынын, болбосо күзөт-иликтөө бөлүкчөлөрүнүн укуктук статусуна ээ болбогон жеке жана юридикалык жактарга ушул статьяда саналып өткөн кызматтарды көрсөтүүгө тыюу салынат. (КР 2003-жылдын 18-февралындагы № 41 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-4)
