# 18-статья. Жекече детективдик жана күзөт ишмердикти контролго жана көзөмөлгө алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/642)
- Документтеги орду: VII Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 1-июлундагы № 35 "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 01.07.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-607/edition/1220528/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/642/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө, 18-статья (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-18

---

Кыргыз Республикасынын аймагындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердикке контролдукту ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен кайсы бир укуктук актыларында белгиленген чекте Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, ага баш ийген органдар жана кээ бир башка мамлекеттик башкаруу органдары жүргүзүшөт. Жекече детективдердин жана күзөтчүлөрдүн (жеке детективдик жана күзөттүк ишканалардын) ишмердигин контролго алууга дайындалган кызмат адамдары өз компетенцияларынын чегинде алардан тиешелүү документтерди талап кылууга жана контролдоо милдеттерин аткаруу үчүн жазуу жүзүндөгү же оозеки маалыматтарды алууга укуктуу. Бул Мыйзамдын аткарылышына көзөмөлдү Кыргыз Республикасынын Генералдык прокурору жана ага баш ийген прокурорлор жүргүзүшөт.

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-19)
