# 17-статья. Жекече детективдерди жана күзөтчүлөрдү социалдык жана укуктук жактан коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/642)
- Документтеги орду: VI Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 1-июлундагы № 35 "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 01.07.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"](https://aqlex.ai/kg/doc/112458)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.11.2022 [Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"](https://aqlex.ai/kg/doc/112458); 18.02.2003 [Закон КР от 18 февраля 2003 года № 41 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1165)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/642#diff=1220535..1220536>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-607/edition/1220528/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/642/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө, 17-статья (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-17

---

Жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жалпы эмгек стажына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна мүчөлүк акы төлөгөн шартта мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпул дайындоо үчүн стажына кошулат. Жекече детективдик жана күзөт ишмердигин аткарган граждандар, жалданып иштегендер, иликтөө аракеттерине байланыштуу өлүмгө кабылуу, майып болуу же саламаттыгына башка залал алуу учурлары мүмкүн экендигине байланыштуу тиешелүү ишкананын (бирикменин) эсебинен милдеттүү түрдө камсыздандырылышы зарыл. Детективдик жана күзөт кызмат көрсөтүүнү аткарып жаткан адамдарга өз милдеттерин аткарып жаткан учурда коркутуу, каршылык же зомбулук көрсөтүү Кыргыз Республикасынын кылмыш мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тарттырат. (КР 2003-жылдын 18-февралындагы № 41, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-16-2)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-18)
