# 16-статья. Атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды колдонуунун шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/642)
- Документтеги орду: V Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 1-июлундагы № 35 "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 01.07.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"](https://aqlex.ai/kg/doc/112458)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/642#diff=1220535..1220536>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-607/edition/1220528/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/642/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө, 16-статья (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-16

---

Жекече детективдик ишмердикти жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө атайын каражаттарды колдонууга уруксат берилет, ал эми жекече күзөт ишмердигин ишке ашырууда - атайын каражаттарды жана ок атуучу куралдарды ушул Мыйзамда каралган шарттарда жана тартипте гана жана колдонууга уруксат берилет. Күзөтчү атайын каражаттарды же ок атуучу куралдарды колдонгондо, болбосо жекече детектив атайын каражаттарды колдонгон учурда: аларды пайдаланууга ниеттенгендиги жөнүндө эскертүүгө, бул учурда өзүнүн койгон талаптарынын аткарылышы үчүн жетиштүү убакыт берүүгө, атайын каражаттарды же ок атуучу куралдарды колдонууну создуктуруу анын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч туудурган же болбосо дагы башка оор кесепеттерге кириптер кылышы мүмкүн болгон учурларды кошпогондо; укук бузуунун мүнөзүнө жана даражасына жана аны жасаган адамдарга, ошондой эле көрсөтүлгөн каршылыктын күчүнө жараша коркунучту жоюуда эң аз залал келтирүүгө умтулууга; тулку боюнан жаракат алган адамдарга врачка чейинки жардамдарды көрсөтүүгө жана болгон окуя тууралу мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө саламаттык сактоо жана лицензиарга билдирүүгө; өлүм болгондогу же тулку боюнан жаракат алгандагы бардык учурлар тууралу прокурорго ошол замат билдирүүгө милдеттүү. Жекече детективдер атайын каражаттарды, ал эми күзөтчүлөр - атайын каражаттар менен ок атуучу куралды колдонууга байланышкан шарттарда аракет жасоо жарамдуулугу жагынан мезгил-мезгили менен текшерүүдөн өтүп турууга милдеттүү. Мындай текшерүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктай турган тартипте жүзөгө ашырылат. Жекече детективдин же күзөтчүнүн аргасыздан муктаж болуп, же коргонууга аргасыз болгондо ыйгарым укуктарынан аша чабуу менен атайын каражаттарды же ок атуучу куралды колдонуусу Кыргыз Республикасынын кылмыш мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке кириптер кылат. (КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2014-жылдын 31-декабрындагы № 180, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-15-2)  
Кийинки берене: [16-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-16-1)
