# 16-1-статья. Атайын каражаттарды колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/642)
- Документтеги орду: V Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 1-июлундагы № 35 "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 01.07.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-16-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-607/edition/1220528/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө, 16-1-статья (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-16-1

---

Жекече детективдик жана күзөт ишмердигине Кыргыз Республикасынын лицензиар үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген атайын каражаттарды колдонуу эрежелери жайылтылат. Жекече детективдер жана күзөтчүлөр төмөнкүдөй учурларда:

1) өздөрүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч туудурган кол салууга сокку берүү үчүн;

2) укук бузуучу күч колдонуу менен каршылык көрсөткөндө алар кайтарган мүлккө каршы жасалган кылмышка бөгөт коюу үчүн атайын каражаттарды колдонууга укуктуу болушат.

Куралдуу каршылык көрсөткөн, тобу менен болбосо жекече детективдин жана күзөтчүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна же кайтарылуучу мүлккө коркунуч туудургандан башка кол салган учурлардан тышкары кош бойлуу экендиги кадимкидей билинип калган аялдарга, майыптыгы шек туудурбаган адамдарга жана жаш курагы бир караганда эле билинген же жекече детективге жана күзөтчүгө белгилүү болгон жашы жетпегендерге карата атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат. (КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-16)  
Кийинки берене: [16-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-16-2)
