# 14-2-статья. Жекече күзөтчү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/642)
- Документтеги орду: III Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 1-июлундагы № 35 "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 01.07.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-14-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-607/edition/1220528/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө, 14-2-статья (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-14-2

---

Жекече күзөтчү күзөт уюму менен эмгек келишими боюнча иштейт жана анын эмгектик иши эмгек мыйзамдары жана ушул Мыйзам менен жөнгө салынат. Жекече күзөтчү эмгек иш-милдетин аткарат жана күзөт ишканасы тарабынан берилген жекече күзөтчүнүн күбөлүгү болсо, ушул Мыйзамда каралган укуктардан пайдаланат. Жекече күзөтчүнүн укуктук статусун алууга төмөндөгү адамдар талапкер болууга укуксуз:

1) он сегиз жашка чыккандар, эгерде жекече күзөтчүнүн ишмердиги атайын каражаттарды жана куралды сактоо, алып жүрүү жана пайдалануу менен байланыштуу болгон учурда - жыйырма бир жашка чыккандар;

2) сот чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелгендер деп табылгандар;

3) жекече күзөтчүнүн милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылган ооруга чалдыккандар;

4) соттолгондугу жоюлганына же алынганына карабастан соттуулугу барлар;

5) кылмыш жасагандыгы жагынан айып коюлгандар (мыйзамда белгиленген тартипте алардын күнөөлүү экендиги жөнүндө маселе чечилгенге чейин);

6) күзөтчү катары иштөө үчүн атайын даярдыктан өтпөгөндөр же болбосо укук коргоо органдарында үч жылдан кем иш стажы барлар;

7) коомдук тартипке жана коомдук коопсуздукка же болбосо сот адилеттүүлүгүнө шек келтирген административдик укук бузууларды жасагандыгы үчүн бир жылдын ичинде кайталап административдик жоопкерчиликке тартылгандар.

Жекече күзөтчүнүн милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылган ооруга чалдыккандарды тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. (КР 2006-жылдын 8-августундагы № 163, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2014-жылдын 31-декабрындагы № 180, 2015-жылдын 25-июнундагы № 137, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-14-1)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-15)
