14-статья. Күзөт чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр
Күчүндө · 25.11.2022 редакциясы · III Бөлүм
Ушул Мыйзамдын 3-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө саналган кызмат көрсөтүүлөр, аларды аткаруу үчүн атайын уюшулган ишканаларга гана уруксат берилет. Жекече күзөт ишканасынын укуктук статусуна ээ болгон юридикалык жактар өзгөчө уставдык милдеттери бар юридикалык жактар болуп саналат. Ишканалардын күзөт ишмердиги тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү мамлекеттик күзөткө жаткан объекттерге жайылтылбайт. Күзөт ишканаларына менчик ээлеринин мүлкүн кайтаруу түрүндө кызмат көрсөтүүгө, ошондой эле жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, ошондой эле айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген техникалык жана башка каражаттарды, оперативдүү радио жана телефон байланыш каражаттарын пайдаланууга уруксат берилет. Кызмат өтөөдө табелдик ок атуучу куралды алып жүрүүгө жана сактоого укук берилген, жогорку билими, адистештирилген күзөт кызматтарында, укук коргоо органдарынын оперативдүү, тергөө жана алдын алуу бөлүкчөлөрүндө беш жылдан кем эмес иш стажы бар адам күзөт ишканасынын жетекчиси боло алат. Жетекчилердин категорияларынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.". Күзөт ишканаларынын жетекчилерине, ошондой эле ушул Мыйзамдын 3-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө саналган кызматтарды көрсөтүүчү күзөтчүлөргө күзөт ишин мамлекеттик кызмат же болбосо коомдук уюмдардагы акы төлөнүүчү шайлануучу кызмат орду менен айкаштырууга уруксат берилбейт. Соттолгондугу жоюлганына же алынганына карабастан соттуулугу бар адам күзөт ишканасынын жетекчиси боло албайт. Күзөтчүлөрдүн куралдарынын түрлөрү, сатып алуунун, эсепке алуунун, сактоонун жана алардын курал алып жүрүүсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жөнгө салынат. Күзөт ишмердигине ушул Мыйзамдын 10-статьясы менен белгиленген чектөөлөр жайылтылат. Кайтаруудагы менчикке укукка каршы кол салуу жасаган адам укук бузган жеринде күзөтчү тарабынан кармалат жана ички иштер органына өткөрүлүп берилет. (КР 2014-жылдын 31-декабрындагы № 180, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 25.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/642/st-14" title="14-статья - Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>