# 12-статья. Жекече детектив (жекече детективдик ишкана) менен клиенттин ортосундагы келишим

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/642)
- Документтеги орду: II Бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 1-июлундагы № 35 "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 01.07.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.11.2022
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 180 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О частной детективной и охранной деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205401)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2014 [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 180 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О частной детективной и охранной деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205401); 11.10.2012 [Закон КР от 11 октября 2012 года № 171 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203771)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/642#diff=1220532..1220533>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-607/edition/1220528/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/642/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө, 12-статья (25.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-12

---

Жекече детектив (жекече детективдик ишкана) өзүнүн ар бир кардары менен кызмат көрсөтүүлөргө жазуу жүзүндө келишим түзүүгө милдеттүү, анда келишим түзүүчү тараптар жөнүндө маалыматтар, тапшырманын мазмуну, анын аткаруунун мөөнөтү, кызмат көрсөтүүлөр үчүн акчалай чыгымдардын жана гонорарлардын болжолдуу суммасы, тараптардын жоопкерчилигинин чаралары, келишимдин түзүлгөн датасы чагылдырылууга тийиш. Эгерде тараптар келишимдин бардык пункттары боюнча жашыруун негизде макулдашса жана ал ушул статьянын биринчи бөлүгүндө аныкталган шарттарды сактоо менен түзүлгөн болсо, анда келишим түзүлдү деп эсептелет. Келишимде жекече детективдин (жекече детективдик ишкананын) аткарылган иштердин жыйынтыгы жөнүндө кардарга жазуу жүзүндө отчет берүү милдеттүүлүгү каралат. Отчетто келишимдеги кардарды кызыктырган негизги маселелерге жооп берилиши керек. Отчетко жекече детективдин (жекече детективдик ишкананын) гонорарынын жана чыгымдарынын такталган эсеби тиркелет. Отчеттун көчүрмөсү жекече детективдин (жекече детективдик ишкананын) архивинде үч жылга чейин сакталуусу тийиш. Жекече детектив (жекече детективдик ишкана) менен анын кызматынан пайдаланган клиенттин ортосундагы келишимде көрсөтүлгөн кызматтар жана башка негиздер боюнча талаштар сотто каралат. (КР 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2014-жылдын 31-декабрындагы № 180 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/642/st-13)
