# 9-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/641)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 27-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 01.07.1996
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.07.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 июля 2009 года № 241 "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/641/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-606/edition/838346/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/641/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 9-статья (20.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/641/st-9

---

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын даярдоо, кароо жана кабыл

алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Кыргыз Республика-

сынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-

замы жана ушул Мыйзам менен аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын ка-

роо жана кабыл алуу тартиби "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин

Регламенти менен аныкталат.

3. Министрликтердин, мамлекеттик комитетинин жана административдик

ведомстволордун ченемдик укуктук актыларын кароо жана кабыл алуу тарти-

би Кыргыз Республикасынын Президенти же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

бекиткен ушул органдар жөнүндө жоболор менен аныкталат.

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик-укуктук акты-

ларын кароо жана кабыл алуу тартиби "Кыргыз Республикасынын Улуттук

банкы жөнүндө" Мыйзам талабына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук

банкы тарабынан аныкталат. Улуттук банк тарабынан чыгарылган ченем-

дик-укуктук актылар (жоболор, эрежелер, нускоолор ж.б.у.с.) тиешелүү

токтомдо же буйруктар менен бекитилет.

II глава

Ченемдик укуктук актылардын түрлөрү

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/641/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/641/st-10)
