# 55-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/641)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 27-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 01.07.1996
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.07.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 июля 2009 года № 241 "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/641/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-606/edition/838346/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/641/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 55-статья (20.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/641/st-55

---

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана аймактык орган-

дары министрликтердин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун, мам-

лекеттик комитеттердин, мамлекеттик комиссиялардын, администрациялык

ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, жергиликтүү

мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу

органдарынын ченемдик укуктук актыларынын Кыргыз Республикасынын мыйзам

актыларына, Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарына, Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна ылайык келишине талдоо жасашат

жана аларга мамлекеттик каттоо жүргүзүшөт.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык органы-

нын актыны каттоодон баш тартуусу, бул актыны чыгарган жергиликтүү мам-

лекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине даттанылышына алып келиши

мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кабыл алган чечи-

ми акыркы болуп саналат.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин актыны каттоодон

баш тартуусу, бул актыны чыгарган министрликтер, Кыргыз Республикасынын

Социалдык фонду, мамлекеттик комитети, мамлекеттик комиссиясы, админис-

трациялык ведомствосу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан

Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине даттанылышына алып келиши

мүмкүн.

---

Мурунку берене: [54-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/641/st-54)  
Кийинки берене: [56-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/641/st-56)
