# 39-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/641)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 27-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 01.07.1996
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.07.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 июля 2009 года № 241 "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/641/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-606/edition/838346/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/641/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 39-статья (20.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/641/st-39

---

1. Мыйзамдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин указдары, Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору, ошондой эле министрликтердин,

мамлекеттик комитетинин жана административдик ведомстволордун, жерги-

ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары, баш-

кача айтканда өзүнүн күчүн аларга баш ийбеген ишканаларга, мекемелерге,

уюмдарга, ошондой эле граждандарга жана алардын бирикмелерине таркатуу-

чу актылар (мамлекеттик же мыйзам коргогон сырлары бар башка актылардан

тышкары) ачык официалдуу басылмаларда жана Кыргыз Республикасынын мам-

лекеттик Интернет-порталында жарыяланат.

2. Төмөнкү ченемдик укуктук актылар:

1) адамдын жана граждандын укуктарына, эркиндиктерине жана милдет-

терине;

2) бажы максаттары үчүн товарларды классификациялоого же аларга

баа берүүгө, же бажы алымдарынын, салыктарынын же башка жыйымдарынын

ставкаларына, же импорттоого же экспорттоого же ага байланыштуу

төлөмдөрдү которууга же аларды сатууга, жайылтууга, транспорт менен та-

шууга, камсыздандырууга, кампаларга жыюуга, инспекциялоого, көргөзмөгө

коюуга, кайра иштетүүгө, аралаштырууга же башкача пайдаланууга тиешелүү

талаптарга, чектөөлөргө же тыюу салууларга;

3) бажы ишине, демпингге каршы, коргоочу, компенсациялоочу чара-

ларга, ишкердик субъекттерин каттоо жана жоюу, лицензиялоо, уруксат бе-

рүү тутуму, мамлекеттик органдардын ишкердик ишине контролдукту жана

көзөмөлдү жүзөгө ашыруусу, ишкердик ишине тыюу салуу стандартташтырууга

жана сертификациялоого, санитардык жана фитосанитардык чараларга тиеше-

си бар, ошондой эле тышкы соодага тиешелүү башка ченемдик укуктук акты-

лар, эгерде алар жалпы маалымат үчүн расмий жарыяланбаса, колдонулбайт.

3. Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгон мыйзамдар "Мыйзам-

дарды каттоочу мамлекеттик китепке" киргизилет, сакталат, жарыяланат

жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тийиштүү

кызматы тарабынан мамлекеттик органдарга жиберилет.

---

Мурунку берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/641/st-38)  
Кийинки берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/641/st-40)
