# 37-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/641)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 27-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 01.07.1996
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.07.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 июля 2009 года № 241 "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/641/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-606/edition/838346/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/641/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 37-статья (20.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/641/st-37

---

1. Эгерде алар жањы актыга киргизилген көрсөтмөлөргө каршы келсе,

болбосо алардын ичине кирип кетсе, ченемдик укуктук актынын кабыл алы-

нышы менен бардык ченемдик укуктук актылар же алардын түзүмдүк бирдик-

тери күчүн жоготту деп таанылууга тийиш.

2. Эгерде алар жањы актыга киргизилген ченемдик көрсөтмөлөргө жа-

рым-жартылай каршы келсе, ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы менен

мурда кабыл алынган ченемдик актылар өзгөртүлүүгө жана толукталууга

тийиш. Мындай өзгөртүүлөр менен толуктоолордун тексти тийиштүү пункт-

тардын же алардын түзүмдүк бирдиктеринин жањы редакциясы формасында ба-

яндалат.

3. Ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы менен күчүн жоготту деп

табылууга, өзгөртүлүүгө, толукталууга тийиш болгон ченемдик укуктук ак-

тылардын жана алардын түзүмдүк бирдиктеринин тизмеси же актынын өзүнүн

түзүмдүк бирдигинде, же анын күчүнө кирүүсүнүн тартиби жөнүндө атайын

актыда камтылууга тийиш.

4. Эгерде ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы менен күчүн жо-

готту деп таанылууга, өзгөртүлүүгө жана толукталууга тийиш болгон че-

немдик укуктук актылардын же алардын түзүмдүк бирдиктеринин саны кыйла

көп болсо, алардын тизмеси өзүнчө акты түрүндө жол-жоболоштурулат жана

негизги актынын долбоору менен бир эле убакта берилет.

5. Күчүн жоготту деп таанылууга, өзгөртүлүүгө жана толукталууга

тийиш болгон ченемдик укуктук актылардын тизмесинин долбоорлору негизги

актыны кабыл алгандан кийин, аларды даярдоо узак убакытты талап кылган

учурларда, даярдоого өзгөчө учур катары жол берилет. Мындай учурда тий-

иштүү тизмелердин долбоорлорун иштеп чыгуу жөнүндө тапшырманын долбоор-

лору даярдалат, анда аларды даярдоо кайсы органдарга, уюмдарга тапшы-

рылгандыгы көрсөтүлөт жана укук жаратуучу органга берүүнүн мөөнөтү

аныкталат.

---

Мурунку берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/641/st-36)  
Кийинки берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/641/st-38)
