# 31-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/641)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 27-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 01.07.1996
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.07.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 июля 2009 года № 241 "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/641/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-606/edition/838346/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/641/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 31-статья (20.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/641/st-31

---

1. Ченемдик укуктук актынын даярдалган долбоору мыйзам чыгаруу ор-

ганына актыны кабыл алуунун зарылдыгы көрсөтүлгөн негиз менен киргизи-

лет, анда анын мазмунунун кыскача мүнөздөмөсү берилет, долбоорду даяр-

доого катышкан, ошондой эле долбоор жөнүндө макулдашылган органдардын

жана уюмдардын тизмеси келтирилет.

2. Долбоорго зарыл болгон учурда финансылык-экономикалык эсептер,

илимий жана башка адистештирилген (укуктук, финансы-экономикалык ж.б.)

экспертизалардан өткөн актылар, статистикалык маалыматтар, кабыл алынып

жаткан актыны колдонууда боло турган социалдык, экономикалык, юридика-

лык жана башка таасирлердин божомолу жана долбоордун жоболорун негиздөө

үчүн зарыл болгон башка маалыматтар тиркелет.

3. Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуунун жањы түрлөрүн караган че-

немдик укуктук актынын долбоору киргизилген учурда маселелердин сыпат-

талышы менен кошо ошондой эле маалымкат да тиркелиши зарыл, анда ишкер-

диктин тиешелүү чөйрөсүнө мамлекеттин кийлигишүүсү аркылуу чечүү план-

даштырылуучу проблемаларды, жөнгө салуунун максатын аныктоо, проблема-

ларды чечүү үчүн механизмдерди жана чараларды сыпаттоо, сунушталган ак-

тыга альтернативаларды сыпаттоо, бул ченемдик укуктук актыны киргизүү-

дөн чыгашалардын жана мүмкүн болгон кирешенин эсеп-кысабы, ченемдик

укуктук актынын колдонуу мөөнөтүн негиздөө жана ченемдик укуктук актыны

колдонуунун майнаптуулугун көрүүгө багытталган чаралардын тизмеси болуу

керек. Проблемаларды сыпаттоодо бул проблемалар эмне себептен рынок ме-

ханизмдеринин жардамы менен чечилбесин жана мамлекеттин кийлигишүүсүн

талап кыларлыгын көрсөтүү зарыл.

3. Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуунун жањы түрлөрү Кыргыз Рес-

публикасынын мыйзамдары аркылуу гана киргизилет.

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/641/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/641/st-32)
