# 21-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/641)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 27-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 01.07.1996
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.07.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 июля 2009 года № 241 "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/641/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-606/edition/838346/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/641/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 21-статья (20.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/641/st-21

---

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши мыйзам чыгаруу иштеринин

пландарын иштеп чыгат жана бекитет.

2. Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Жогор-

ку Кењешинин палаталарында кароого киргизүүгө ниеттенген мыйзамдардын

долбоорлорун даярдоо планын иштеп чыгат жана бекитет.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин палаталарында кароо үчүн киргизүүгө ниеттенген мыйзамдардын

долбоорлорун даярдоо планын иштеп чыгат жана бекитет.

4. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети жа-

на ведомстволору аларга иштеп чыгууга тапшырылган же өздөрүнүн демилге-

си боюнча иштеп чыгууга ниеттенген мыйзамдардын долбоорлорун, Кыргыз

Республикасынын Президентинин указдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-

нүн токтомдорун даярдоо пландарын иштеп чыгат жана бекитет.

5. Мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорло-

рун даярдоого байланыштуу чыгымдарды каржылоо республикалык бюджетти

жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө бюджеттин чыгашаларды жиктөөсүнө

ылайык чыгашалардын өзүнчө статьясы менен каралат.

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/641/st-20)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/641/st-22)
