# 1-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/641)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 27-февралындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 01.07.1996
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.07.2009
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 июля 2009 года № 241 "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202591)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 января 2002 года N11 "О внесении изменений в Закон КР "О нормативно-правовых актах"](https://aqlex.ai/kg/doc/957)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/641#diff=838351..838352>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/641/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-606/edition/838346/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/641/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө, 1-статья (20.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/641/st-1

---

1. Ченемдик укуктук акт - бул мыйзам чыгаруучу орган тарабынан өз

компетенциясынын чегинде белгиленген формада кабыл алынган жана укуктук

нормаларды белгилөөгө, өзгөртүүгө жана жоюп таштоого багытталган, баш-

кача айтканда такай же убактылуу мүнөздө көп жолу колдонууга эсептелип,

милдеттүү түрдө жалпысынан аткарылууга тийиш болгон жазуу жүзүндөгү

расмий документ.

2. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар системасына:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын

конституциялык мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, Кыргыз Респуб-

ликасынын Жогорку Кењешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ток-

томдору, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын актылары, Кыргыз Рес-

публикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана адми-

нистрациялык ведомстволорунун актылары, жергиликтүү мамлекеттик адми-

нистрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын че-

чимдери кирет.

3. Мыйзам алдындагы ченемдик акты - мамлекеттик бийлик органынын

мыйзамга караганда төмөнүрөөк юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укук-

тук актысы. Мыйзам алдындагы ченемдик акты мыйзамдардын негизинде жана

аларды аткаруу үчүн кабыл алынат.

4. Мыйзам алдындагы ченемдик актыларга Кыргыз Республикасынын Пре-

зидентинин жарлыктары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтом-

дору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору, Кыргыз Республи-

касынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин,

мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун акты-

лары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдери жана жерги-

ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери кирет.

5. Мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын системасын-

да Кыргыз Республикасынын Конституциясы эњ жогорку юридикалык күчкө ээ.

6. Эгерде Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки-

ден кем эмес бөлүгү добуш берсе, анда экиден кем эмес талкуудан өткөн-

дөн кийин конституциялык мыйзамдар, Кыргыз Республикасынын чек арасын

өзгөртүү жөнүндө мыйзамдар, Конституцияга жана конституциялык мыйзам-

дарга түшүнүк берүү кабыл алынды деп эсептелет.

7. Референдум кабыл алган мыйзамды өзгөртүү же жоюп таштоо рефе-

рендум жолу менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/641/st-2)
