# КР Президентинин 2005-жылдын 23-ноябрындагы ПЖ № 594 "РЕSАС программасына кошулган ишканаларды менчиктештирүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2005-жылдын 23-ноябрындагы ПЖ № 594 "РЕSАС программасына кошулган ишканаларды менчиктештирүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 594
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.11.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/64030>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-7878/edition/1162689/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/64030.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.11.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2005-жылдын 23-ноябрындагы ПЖ № 594 "РЕSАС программасына кошулган ишканаларды менчиктештирүү жөнүндө" Жарлыгы (23.11.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/64030

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына ылайык күчүн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2005-жылдын 23-ноябры ПЖ № 594 РЕSАС программасына кошулган ишканаларды менчиктештирүү жөнүндө

Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүдө бирдиктүү саясатты жүргүзүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- РЕSАС программасына кошулган ишканаларды башкаруу жана ишин координациялоо боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Өнөржай, соода жана туризм министрлигине калтырсын;

- РЕSАС программасына кошулган ишканаларды менчиктештирүү жөнүндө чечимдерди кабыл алууда менчиктештирүү процессин жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жүктөсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
