# 29-статья. Көчүүгө байланыштуу гарантиялар жана чыгымдарды

- Документ: [Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/640)
- Документтеги орду: VI Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1996-жылдын 28-июну N 33 "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 28.06.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.12.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/640/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-605/edition/958669/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/640/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө, 29-статья (21.12.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/640/st-29

---

компенсациялоо

Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда жайгаш- кан жана эмгек келишимин (контракт) түзгөн адамдарга, ошондой эле ту- руктуу жашаган жерине карабастан ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга келген жаш адистерге төмөндөгүлөр: эки кызматтык маянанын (ставканын) өлчөмүндөгү бир жолку пособие жана кызматтык маянанын (ставканын) жарымынын өлчөмүндө үй-бүлөнүн ар-бир мүчөсүнө бир жолку пособие; кызматкердин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жол акысын жана жүгүн тартуунун акысын төлөө, бирок фактылай чыгымдар боюнча бир үй-бүлөгө 5 тоннадан ашык эмес; кызматкерге суткалык акы төлөө; жыйналууга жана жањы жерде жайгашууга 7 календарлык күнгө созулган акы төлөнүүчү өргүүгө чыгуу гарантияланат жана компенсацияланат. Күнөөлүү аракеттери үчүн иштен бошотулгандан башка учурларда, эм- гек келишими (контракт) кандай гана негиздер боюнча токтотулгандыгына же бузулгандыгына байланыштуу кызматкер жањы жумуш ордуна көчкөн учур- да, кызматкердин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жол акысы жана жүгүн та- шууга кеткен чыгымы төлөнөт, бирок ал иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча бир үй-бүлөгө 5 тоннадан ашпоого тийиш.

---

Мурунку берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/640/st-28)  
Кийинки берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/640/st-30)
