# 1-статья. Бул Мыйзамдын колдонулушу

- Документ: [Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/640)
- Документтеги орду: I Бөлүм
- Толук аталышы: КР 1996-жылдын 28-июну N 33 "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 28.06.1996
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.12.2012
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 декабря 2012 года № 202 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203802)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/640#diff=958676..958677>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/640/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-605/edition/958669/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/640/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.12.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө, 1-статья (21.12.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/640/st-1

---

Бул Мыйзамдын күчү бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда жашаган адамдарга жана аталган шарттарда жайгашкан ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда иштеген адамдарга карата колдонулат. Бул Мыйзамда каралган учурларда, мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар иштебеген пенсионерлерге, курагы боюнча же кыскартууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнөн бошотулган аскер кызматкерлерине, башталгыч кесиптик жана кесиптик орто техникалык окуу жайлары менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларына, ошондой эле бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда шарттарда жайгашкан калк жашаган пункттарга баккан адамы менен чогуу келген үй - бүлө мүчөлөрүнө берилет. (КР 1998-жылдын 27-июнундагы № 86, 2012-жылдын 21-декабрындагы № 202 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [Статья 2](https://aqlex.ai/kg/doc/640/st-2)
