# КР Президентинин 2005-жылдын 13-октябрындагы ПЖ № 459 "А.Т.Абдыкадыров, Н.А.Алыбаева жана башкалар жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2005-жылдын 13-октябрындагы ПЖ № 459 "А.Т.Абдыкадыров, Н.А.Алыбаева жана башкалар жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 459
- Кабыл алынган күнү: 13.10.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.10.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/63954>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-7802/edition/573874/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/63954.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.10.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2005-жылдын 13-октябрындагы ПЖ № 459 "А.Т.Абдыкадыров, Н.А.Алыбаева жана башкалар жөнүндө" Жарлыгы (13.10.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/63954

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2005-жылдын 13-октябры ПЖ № 459

А.Т.Абдыкадыров, Н.А.Алыбаева жана башкалар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясынын 2-пунктунун 5-пунктчасына жана 80-статьясынын 6-пунктуна ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр дайындалсын:

Абдыкадыров Акылбек Токтосунович - жети жылдык мөөнөткө Ысыккөл областтык сотунун судьялыгына; Алыбаева Нургүл Алыбаевна - жети жылдык мөөнөткө Бишкек шаардык сотунун судьялыгына; Асанова Калида Талиповна - мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, жети жылдык мөөнөткө Ысыккөл областтык экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун төрагалыгына; Аширов Жанышбек Сайдилаевич - жети жылдык мөөнөткө Баткен гарнизонунун аскердик сотунун судьялыгына; Ашымбек уулу Нурлан - жети жылдык мөөнөткө Чүй гарнизонунун аскердик сотунун төрагалыгына; Жээнбеков Жанышбек Токтомаматович - жети жылдык мөөнөткө Ош областтык сотунун төрагасынын орунбасарлыгына; Кененбаев Эмилбек Аманкожоевич - жети жылдык мөөнөткө Каракол шаардык сотунун судьяльгына; Сабитова Жамиля - мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, жети жылдык мөөнөткө Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьялыгына.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
