КР Президентинин ПЖ № 459 «А.Т.Абдыкадыров, Н.А.Алыбаева жана башкалар жөнүндө» Жарлыгы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2005-жылдын 13-октябры ПЖ № 459
А.Т.Абдыкадыров, Н.А.Алыбаева жана башкалар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясынын 2-пунктунун 5-пунктчасына жана 80-статьясынын 6-пунктуна ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр дайындалсын:
Абдыкадыров Акылбек Токтосунович - жети жылдык мөөнөткө Ысыккөл областтык сотунун судьялыгына; Алыбаева Нургүл Алыбаевна - жети жылдык мөөнөткө Бишкек шаардык сотунун судьялыгына; Асанова Калида Талиповна - мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, жети жылдык мөөнөткө Ысыккөл областтык экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун төрагалыгына; Аширов Жанышбек Сайдилаевич - жети жылдык мөөнөткө Баткен гарнизонунун аскердик сотунун судьялыгына; Ашымбек уулу Нурлан - жети жылдык мөөнөткө Чүй гарнизонунун аскердик сотунун төрагалыгына; Жээнбеков Жанышбек Токтомаматович - жети жылдык мөөнөткө Ош областтык сотунун төрагасынын орунбасарлыгына; Кененбаев Эмилбек Аманкожоевич - жети жылдык мөөнөткө Каракол шаардык сотунун судьяльгына; Сабитова Жамиля - мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, жети жылдык мөөнөткө Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьялыгына.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон