# КР Президентинин 2005-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 371 "Агробизнестин Кыргыз Республикалык борборун жоюу жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2005-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 371 "Агробизнестин Кыргыз Республикалык борборун жоюу жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 371
- Кабыл алынган күнү: 10.09.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.09.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/63887>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-7735/edition/571119/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/63887.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.09.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2005-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 371 "Агробизнестин Кыргыз Республикалык борборун жоюу жөнүндө" Жарлыгы (10.09.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/63887

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2005-жылдын 10-сентябры ПЖ № 371 Агробизнестин Кыргыз Республикалык борборун жоюу жөнүндө

Мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү жана мамлекеттик органдардын функциялары кайталанышын жоюу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Агробизнестин Кыргыз Республикалык борбору жоюлуп, анын функциялары Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин алдындагы Агрардык илим жана консультациялык кызмат борборуна берилсин.

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин алдындагы Агрардык илим жана консультациялык кызмат борбору Агробизнестин Кыргыз Республикалык борборунун функцияларын белгиленген сандын жана үстүбүздөгү финансылык жылга бекитилген бюджеттин чегинде кабыл алсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте чечсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Агробизнестин Кыргыз Республикалык борборун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1991-жылдын 5-декабрындагы № 391 Указы;

- "Агробизнестин Кыргыз Республикалык борборун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1991-жылдын 5-декабрындагы № 391 Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 13-июнундагы № 159 Указы.

4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
