# КР Президентинин 2014-жылдын 26-июлундагы ПЖ № 147 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2014-жылдын 26-июлундагы ПЖ № 147 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 26.07.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/63864>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-7712/edition/1171436/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/63864.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2014-жылдын 26-июлундагы ПЖ № 147 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгы (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/63864

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2014-жылдын 26-июлу ПЖ № 147 Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39, 58-беренелерине ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын Учар жана Дыйкан-Кыштак шайлоо округдары боюнча кайталап шайлоо жекшембиге, 2014-жылдын 14-сентябрына дайындалсын.

2.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

3. Кыргыз Республикасынын өкмөтү:

- шайлоону өткөрүү учун зарыл финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык бөлсүн;

- шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн.

4. Ош облусунун Кара-Суу районун мамлекеттик администрациясынын башчысы тийиштүү шайлоо комиссияларын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда шайлоочулардын тизмелерин иреттештирүүдө, тактоодо жана түзүүдө уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтсүн.

5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык расмий жарыяланган кундөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
