Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 147 «Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-31.
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2014-жылдын 26-июлу ПЖ № 147 Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39, 58-беренелерине ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:
1.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын Учар жана Дыйкан-Кыштак шайлоо округдары боюнча кайталап шайлоо жекшембиге, 2014-жылдын 14-сентябрына дайындалсын.
2.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын өкмөтү:
- шайлоону өткөрүү учун зарыл финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык бөлсүн;
- шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн.
4. Ош облусунун Кара-Суу районун мамлекеттик администрациясынын башчысы тийиштүү шайлоо комиссияларын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда шайлоочулардын тизмелерин иреттештирүүдө, тактоодо жана түзүүдө уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган кундөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 26-сентябрындагы № 115 "Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын…Постановление · 26.09.2014 · № 115
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 5-августундагы № 93 "2014-жылдын 14-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы…Постановление · 05.08.2014 · № 93
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 5-августундагы № 97 "Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык…Постановление · 05.08.2014 · № 97
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон