# КР Президентинин 2005-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 84 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2005-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 84 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 84
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.10.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/63660>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-7510/edition/550183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/63660.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.10.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2005-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 84 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы (15.10.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/63660

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы ПЖ № 462 Жарлыгынын редакциясына ылайык күчүн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2005-жылдын 23-марты ПЖ № 84 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Аткаруу бийлик органдарынын системасын башкарууну андан ары өркүндөтүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясындагы 1-пункттун 1-пунктчасына ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамына Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызмат орду киргизилсин.

2. "Борбордук аткаруу бийлик органдарынын структурасын андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы № 363 Жарлыгынын 2-пунктундагы биринчи абзац "биринчи вице-премьер-министр" деген сөздөрдөн кийин "вице-премьер-мимистр - ички иштер министри" деген сөздөр менен толукталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:

- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди чечсин;

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Акаев
