Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 84 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 15 октября 2005 года УП № 462 "О совершенствовании структуры органов государственного управления Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-10-15.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы ПЖ № 462 Жарлыгынын редакциясына ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2005-жылдын 23-марты ПЖ № 84 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Аткаруу бийлик органдарынын системасын башкарууну андан ары өркүндөтүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясындагы 1-пункттун 1-пунктчасына ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамына Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызмат орду киргизилсин.
2. "Борбордук аткаруу бийлик органдарынын структурасын андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 28-декабрындагы № 363 Жарлыгынын 2-пунктундагы биринчи абзац "биринчи вице-премьер-министр" деген сөздөрдөн кийин "вице-премьер-мимистр - ички иштер министри" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди чечсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.10.2005 · № 462 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Указ Президента КР от 28 декабря 2000 года УП №363 "О реорганизации центральных органов государственного управления"Указ · 28.12.2000 · № 363 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.10.2005 · № 462 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон