# КР Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы ПЖ № 118 !Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы ПЖ № 118 !Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/63606>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-7457/edition/1083587/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/63606.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы ПЖ № 118 !Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (10.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/63606

---

КР Президентинин 2021-жылдын 10-августундагы ПЖ № 340 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2014-жылдын 2-июну ПЖ № 118 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 8-бөлүгүн, 65-беренесин жана "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин жетекчиликке алып ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

1) төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:

"1-1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабына баш ийген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн региондук командачылыктары (Күчтөрү), кошундары, аскердик бөлүктөрү жана мекемелери юридикалык жактын укуктарына ээ экендиги белгиленсин.";

2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы жөнүндө жободо:

- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы юридикалык жак болуп саналат, анын өзүнүн символикасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жана мамлекеттик жана расмий тилде жазылган аталышы бар мөөрү, Куралдуу Күчтөрдүн символикасынын сүрөтү жана өзүнүн аталышы түшүрүлгөн штамптары жана бланктары болот. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерди түзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында мамлекеттин атынан жарандык-укуктук мамилелердин тарабы болуп чыгуу укугуна ээ.";

- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 24-1-пунктча менен толукталсын:

"24-1) өзүнүн компетенциясынын чегинде баш ийген кошуундарды, бөлүктөрдү жана мекемелерди финансылык, техникалык, ооруктук жана башка түрдөгү камсыз кылууну ишке ашыруу;";

- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пунктча менен толукталсын:

"5-1) Куралдуу Күчтөрдүн аскердик бөлүгү жөнүндө типтүү жобону бекитет;".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
