# КР Президентинин 2006-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 646 ""Талас мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө" 2000-жылдын 25-июлундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2006-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 646 ""Талас мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө" 2000-жылдын 25-июлундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 646
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/63487>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-7339/edition/542694/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/63487.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2006-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 646 ""Талас мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө" 2000-жылдын 25-июлундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы (11.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/63487

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 256 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫГЫ 2006-жылдын 29-декабры ПЖ № 646 "Талас мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө" 2000-жылдын 25-июлундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Билим берүү системасын андан ары тереңдетүү, аны жаңы экономикалык шарттарга ыңгайлаштыруу, орто звенодогу адистерди даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Талас мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 25-июлундагы № 189 Указына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1 пунктта "жана Талас айыл чарба техникумунун" деген сөздөр алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
