# Кр Президентинин 2009-жылдын 22-июнундагы ПЖ № 285 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кр Президентинин 2009-жылдын 22-июнундагы ПЖ № 285 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 285
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/63440>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-7292/edition/541896/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/63440.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кр Президентинин 2009-жылдын 22-июнундагы ПЖ № 285 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгы (31.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/63440

---

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫГЫ 2009-жылдын 22-июну ПЖ № 285 Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналыгынын системасын өркүндөтүү максатында, ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 20-ноябрындагы № 410 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 1-пунктта:

экинчи, үчүнчү жана төртүнчү абзацтардагы "мамлекеттик ишканасын" деген түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр "мамлекеттик мекемесин" деген тиешелүү жөндөмөлөрдөгү сөздөр менен алмаштырылсын; төртүнчү абзац "чыгымдарын финансылоону" деген сөздөрдөн кийин "социалдык жөлөкпулдардан жана стипендиялардан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын.

2. (КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
