# КР Президентинин 2008-жылдын 21-ноябрындагы ПЖ № 411 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 14-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңеш жөнүндөгү" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2008-жылдын 21-ноябрындагы ПЖ № 411 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 14-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңеш жөнүндөгү" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 411
- Кабыл алынган күнү: 21.11.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/63433>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-7285/edition/539779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/63433.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2008-жылдын 21-ноябрындагы ПЖ № 411 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 14-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңеш жөнүндөгү" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Жарлыгы (14.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/63433

---

КР Президентинин 2011-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 138 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫГЫ 2008-жылдын 21-ноябры ПЖ № 411 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 14-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңеш жөнүндөгү" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 14-мартындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңеш жөнүндөгү" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- 2-пункттун сегизинчи - он биринчи, он үчүнчү - он бешинчи абзацтары алып салынсын;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө Жободо:

III бөлүк төмөнкү мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын: "- мамлекеттик жеке өнөктүк маселелерин кароо.";

- V бөлүктүн төртүнчү абзацындагы "Премьер-министрдин Аппараты" деген сөздөр "Өкмөттүн Аппараты" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
