# 6-статья. Өзгөчө карантин режимин киргизүүнүн жана алып салуунун тартиби

- Документ: [Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/633)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 27-июнунундагы № 26 "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 26
- Кабыл алынган күнү: 27.06.1996
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2015 года № 2 "О карантине растений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/633/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-598/edition/653368/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/633/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө, 6-статья (12.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/633/st-6

---

Карантин объектиси табылгандан кийин 24 сааттын ичинде өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызмат органдары ал таркаган аймакка өзгөчө карантиндик режимди киргизүү жөнүндө тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизишет. Өзгөчө карантиндик режимдин аймагы калктуу пункттун жана райондун чегинде, тийиштүү райондук, ал эми бир нече райондордун жана областтын чегинде - областтык өз алдынча башкаруу органдары, ал эми бир нече областтардын жана республиканын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Өзгөчө карантиндик режимди киргизүү же аны алып салуу жөнүндөгү чечимди кабыл алган орган бул жөнүндө ошол аймакта жайгашкан ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга, чарбаларга жана ал аймакта жашаган адамдарга токтоосуз кабарлайт. Өзгөчө карантиндик режим киргизүү жөнүндөгү чечимде: өзгөчө карантиндик режимди киргизүүгө себеп болгон жагдайлар; өзгөчө карантиндик режим киргизилип жаткан аймактын чектери; өзгөчө карантиндик режим киргизиле турган убакыт; карантиндик чектөөлөрдүн тизмеси, карантиндик объектилердин таралышын чектөө жана жоюу боюнча иш-чаралар милдеттүү түрдө көрсөтүлөт. Карантиндик объект жок кылынгандан кийин өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызмат органдары өзгөчө карантиндик режимди алып салуу жөнүндө тийиштүү органдарга өз убагында сунуш киргизишет.

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/633/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/633/st-7)
