# 5-статья. Карантиндик талаптарды аткаруу боюнча кызмат адамдарынын жана граждандардын милдеттери

- Документ: [Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/633)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 27-июнунундагы № 26 "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 26
- Кабыл алынган күнү: 27.06.1996
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2015 года № 2 "О карантине растений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/633/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-598/edition/653368/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/633/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө, 5-статья (12.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/633/st-5

---

Иши карантин коюлган материалдарды өндүрүүгө, даярдоого, кайра иштетүүгө, сактоого, ташууга, сатууга байланыштуу болгон кызмат адамдары жана граждандар: фитосанитардык (карантиндик) эрежелерди аткарууга; өзүнүн компетенциясынын чегинде өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызматка көмөк көрсөтүүгө, карантиндик тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү боюнча алардын тапшырмаларын аткарууга; өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызматтын адистеринин талабы боюнча карантин коюлган материалдардын жана объектилердин бар экендиги жөнүндө маалымат берүүгө; айдоо жерлерин, карантин коюлган материалдар сакталган кампаларды жана аянттарды системалык түрдө текшерип турууну камсыз кылууга, ошондой эле колдо болгон карантин коюлган материалдарды текшерүүдөн жана экспертизадан өткөрүү үчүн көрсөтүүгө; карантиндик объект табылган учурда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызматка токтоосуз түрдө билдирүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/633/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/633/st-6)
