# 4-статья. Фитосанитардык (карантиндик) контролдогу объектилер

- Документ: [Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/633)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 27-июнунундагы № 26 "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 26
- Кабыл алынган күнү: 27.06.1996
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2015 года № 2 "О карантине растений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/633/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-598/edition/653368/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/633/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө, 4-статья (12.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/633/st-4

---

Фитосанитардык (карантиндик) контроль төмөндөгүлөргө: айыл чарба, токой жана декоративдик өсүмдүктөрдүн үрөнүнө жана көчөттөрүнө, өсүмдүктөргө жана алардын бөлүктөрүнө (көчөттөрүнө, аш тамырына, ашына, мөмөсүнө), ошондой эле карантиндик объектилерди таратышы мүмкүн болгон өсүмдүктөрдөн жасалган бардык продукцияларга; козу карын өсүмдүктөрүнө, бактерияларга, вирустарга, нематоддорго, кенелерге жана чымын-чиркейлерге; өсүмдүктөрдүн оорусун козгоочу жана алардын бузулушуна алып келүүчү чымын-чиркейлердин коллекциясынын түрлөрүнө, ошондой эле гербарийлерге жана үрөндүн коллекцияларына; жерди иштетүүчү айыл чарба машиналарына жана шаймандарына, транспорттук каражаттарга, карантиндик объектилердин таратуучусу болушу мүмкүн болгон өсүмдүктөрдөн жасалган заттарга жана өнөр жай товарларына, алар салынган идиштердин жана таңгактардын бардык түрлөрүнө, кыртыштын тегине жана үлгүлөрүнө; өсүмдүктөрдөн алынуучу продукцияларды даярдоочу, сактоочу, кайра иштетүүчү жана сатуучу ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аянттарына жана имараттарына, айыл чарба жана токой жерлерине, короо жай жана дача участокторуна, айыл чарбасына жараксыз жерлерге (жолдордун жээктерине, электр өткөрүүчү линияларга жана башкаларга) таркатылат.

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/633/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/633/st-5)
