# 2-статья. Терминдердин аныктамасы

- Документ: [Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/633)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 27-июнунундагы № 26 "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 26
- Кабыл алынган күнү: 27.06.1996
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2015 года № 2 "О карантине растений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/633/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-598/edition/653368/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/633/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө, 2-статья (12.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/633/st-2

---

Ушул Мыйзамда келтирилген терминдер төмөндөгүдөй мааниде колдонулат: өсүмдүктөрдүн карантини - карантиндик зыяндуу организмдердин интродукциясын жана /же жайылышын болтурбай коюуга же алар менен расмий күрөштү камсыз кылууга багытталган иш; өзгөчө карантин режими - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан мекемелердин, уюмдардын жана чарбалардын ишинин карантиндик объектилердин очокторун локализациялоого жана жоюуга багытталган, ушул Мыйзамда каралган граждандар менен юридикалык жактардын укуктарын жүзөгө ашырышына убактылуу чектөөлөргө жол берген жана аларга кошумча милдеттерди жүктөгөн өзгөчө укуктук режим; карантиндик зыяндуу организм (объект) - коркунучка дуушар болгон зона (ареал) үчүн өтө чоң экономикалык мааниге ээ болгон, ошол жерде али жок болгон же бар болгон, бирок жайылтылышы чектелген жана расмий түрдө күрөшүүнүн объектиси катары болгон зыяндуу организм; карантин алдындагы материалдар - зыяндуу организмдердин жайылышына мүмкүнчүлүк бере турган нерселер жыйылып турган жерлер, транспорт каражаттары, контейнерлер жана башка ар кандай нерселер жана материалдар; карантиндик зона (ареал) - карантиндик зыяндуу организм болгон жана аны менен расмий күрөш жүргүзүлүп жаткан зона (ареал); фитосанитардык сертификат - өсүмдүктөрдү сактоо боюнча Эл аралык конвенция тарабынан бекитилген түр боюнча даярдалган сертификат; импортко уруксат берүү - көрсөтүлгөн фитосанитардык талаптарды сактоо менен аталган товарды импорттоого уруксат берүүчү расмий документ; фитосанитардык чара - карантиндик зыяндуу организмдердин интродукциясын жана жайылышын болтурбай коюуга багытталган мыйзамдар, регламенттештирүү же расмий жол - жобо; фитосанитардык контроль - фитосанитардык чараларды текшерүү жана алардын аткарылышын камсыз кылуу боюнча ар кандай жол-жобо; фитосанитардык тобокелге баа берүү - зыяндуу организм карантиндик зыяндуу организмдин критерийлерине туура келе тургандыгын же туура келбей тургандыгы тууралу маселе боюнча чечим кабыл алуу жана анын интродукциясынын жогорку биологиялык жана экономикалык кесепеттерине баа берүү; коркунучка дуушар болгон зона (ареал) - экологиялык факторлор зыяндуу организмдин климаттык шарттарга ылайыкташышына карата жагымдуу шарттарды түзгөн, зыяндуу организмдин ушул зонада (ареалда) болушу олуттуу экономикалык зыяндарга алып келиши мүмкүн болгон зона (ареал); карантиндик объекти жарым-жартылай таралган зона - айыл чарба жана токой породаларынын (өсүмдүктөрдүн) эгилген же көчөт отургузулган жерлеринин 50 проценттен азыраагы карантиндик объектиге чалдыккан зона; карантиндик зыяндуу объектилер жок болгон зона - карантиндик зыяндуу организмдер кездешпеген өлкө, өлкөнүн бир бөлүгү же бир нече өлкө же алардын бөлүктөрү.

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/633/st-1)  
Кийинки берене: [2-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/633/st-2-1)
