# 11-статья. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызматтын укуктары

- Документ: [Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/633)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 27-июнунундагы № 26 "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 26
- Кабыл алынган күнү: 27.06.1996
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2015
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 января 2015 года № 2 "О карантине растений"](https://aqlex.ai/kg/doc/205424)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/633/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-598/edition/653368/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/633/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө, 11-статья (12.01.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/633/st-11

---

Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызматтын органдары карантиндик көзөмөлдү аткарган учурда: фитосанитардык (карантиндик) сертификатсыз ташылган же чет өлкөдөн карантиндик уруксатсыз алынып келинген карантин коюлган жүктөрдү фитосанитардык экспертизадан өткөрүү мезгилинде кармап турууга; өзүнүн милдетин аткарууга керек маалыматтарды алууга, тейлеген аймагындагы тийиштүү объектилерге кирүүгө; лабораториялык экспертизадан өткөрүү үчүн үрөндүн, өсүмдүктүн, өсүмдүктөн жасалган продукциялардын жана башка материалдардын үлгүлөрүн алууга; карантиндик талаптарды бузган күнөөлүү граждандарга жана кызмат адамдарына токтомдорду (актыларды) түзүп, мыйзамдарда белгиленген тартипте айып салдыруу үчүн административдик комиссияга жөнөтүүгө укуктуу. Карантиндик материалдарды өндүрүүгө, алып келүүгө жана алып кетүүгө, сактоого же пайдаланууга карата өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызмат органдарынын өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде тыюу салган чечими бардык мамлекеттик органдар, ошондой эле ишканалар, мекемелер, уюмдар, менчигинин түрүнө карабастан чарбалар, кызмат адамдары жана граждандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/633/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/633/st-12)
