# Указ Президента КР 2006-жылдын 28-августу ПЖ № 443 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 7-декабрындагы "Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Комиссия жөнүндө" Указына өзгөртүү киргизүү тууралу"

- Толук аталышы: Указ Президента КР 2006-жылдын 28-августу ПЖ № 443 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 7-декабрындагы "Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Комиссия жөнүндө" Указына өзгөртүү киргизүү тууралу"
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 443
- Кабыл алынган күнү: 28.08.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.05.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/63298>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-7150/edition/535307/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/63298.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.05.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Указ Президента КР 2006-жылдын 28-августу ПЖ № 443 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 7-декабрындагы "Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Комиссия жөнүндө" Указына өзгөртүү киргизүү тууралу" (25.05.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/63298

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 25-майындагы ПЖ № 268 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫГЫ 2006-жылдын 28-августу ПЖ № 443 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 7-декабрындагы "Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Комиссия жөнүндө" Указына өзгөртүү киргизүү тууралу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 7-декабрындагы № 355 "Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Комиссия жөнүндө" Указына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

№ 1 тиркеме төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин

түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын

Президентине караштуу Комиссиянын

КУРАМЫ

Мадумаров Адахан Кимсанбаевич - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Комиссиянын төрагасы; Үсөнов Данияр Токтогулович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасынын орунбасары; Дүйшөмбиев Акылбек Осмонович - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармасынын начальниги, Комиссиянын жооптуу катчысы; Ахмедов Якуббек Рахматович - "Рохат-НБУ" пансионатынын директору, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси; Жеенбаев Жаныбек Жеенбаевич - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти; Кайыпов Марат Таштанович - Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Нарбаев Каныбек Жайчиевич - Бишкек башкы архитектура башкармасынын начальниги - Бишкек шаарынын вице-мэри; Ногоев Арстанбек Иманкулович - Бишкек шаарынын жергиликтүү өзалдынча башкаруусунун башчысы - мэри; Плоских Владимир Михайлович - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кафедра башчысы; Раев Султан Акимович - Кыргыз Республикасынын маданият министри; Садыков Тургунбай Садыкович - Кыргыз Республикасынын Сүрөт академиясынын президенти, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги; Укулов Курманбек Маматкадырович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы; Юсупова Майрам Ажибековна - Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинин директору".

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 14-мартындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 7-декабрындагы "Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин эстелигин түбөлүккө калтыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Комиссия жөнүндө" Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
