# КР Президентинин 2006-жылдын 20-мартындагы ПЖ № 135 "Т.Т.Абдраев, Г.С.Алиева жана башкалар жөнүндө" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2006-жылдын 20-мартындагы ПЖ № 135 "Т.Т.Абдраев, Г.С.Алиева жана башкалар жөнүндө" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 135
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.03.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/63137>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-6990/edition/523753/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/63137.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.03.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2006-жылдын 20-мартындагы ПЖ № 135 "Т.Т.Абдраев, Г.С.Алиева жана башкалар жөнүндө" Жарлыгы (20.03.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/63137

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫГЫ 2006-жылдын 20-марты ПЖ № 135

Т.Т.Абдраев, Г.С.Алиева жана башкалар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясындагы 2-пункттун 5-пунктчасына жана 80-статьясындагы 6-пунктка ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр дайындалсын:

Абдраев Таалайбек Токтомушевич - Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун судьялыгына беш жылдык мөөнөткө; Алиева Гүлкайыр Сакешовна - Ысыккөл областынын Аксуу райондук сотунун судьялыгына жети жылдык мөөнөткө; Аскар уулу Тынарбек - Баткен областынын Сүлүктү шаардык сотунун төрагалыгына жети жылдык мөөнөткө; Жээналиев Марат Субанбекович - Чүй областтык сотунун судьялыгына жети жылдык мөөнөткө; Карабеков Алмаз Маматбекович - Ош гарнизонунун Аскердик сотунун судьялыгына жети жылдык мөөнөткө; Касымбеков Кубанычбек Калыбекович - Жалалабат областынын Сузак райондук сотунун судьялыгына беш жылдык мөөнөткө.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
