# КР Президентинин 2006-жылдын 27-январындагы ПЖ № 36 ""Кыргыз Республикасын 2010-жылга чейип өнүктүрүүнүн комплекстүү негизин турмушка ашыруу боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 23-августундагы Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2006-жылдын 27-январындагы ПЖ № 36 ""Кыргыз Республикасын 2010-жылга чейип өнүктүрүүнүн комплекстүү негизин турмушка ашыруу боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 23-августундагы Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.04.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/63084>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-6938/edition/521560/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/63084.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.04.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2006-жылдын 27-январындагы ПЖ № 36 ""Кыргыз Республикасын 2010-жылга чейип өнүктүрүүнүн комплекстүү негизин турмушка ашыруу боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 23-августундагы Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы (05.04.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/63084

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 157 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫГЫ 2006-жылдын 27-январы ПЖ № 36 "Кыргыз Республикасын 2010-жылга чейип өнүктүрүүнүн комплекстүү негизин турмушка ашыруу боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 23-августундагы Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу

Кыргыз Республикасын 2010-жылга чейин өнүктүрүүнүн комплекстүү негизинин (мындан ары - КОР) милдеттерин турмушка ашыруу процессин жалпы координациялоону жана башкарууну мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын жана жарандык коомдун иштиктүү өнөктүгүнүн принциптеринде камсыз кылуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Кыргыз Республикасын 2010-жылга чейин өнүктүрүүнүн комплекстүү негизин турмушка ашыруу боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинни 2001-жылдын 23-августундагы № 259 Указына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталган Указдын 4, 5- жана 7-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын.

"4. КОРдун улуттук координаторунун милдеттери Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмүндө стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмү түзүлүп, ал Улуттук кеңештин жумушчу органы болуп санала тургандыгы белгиленсин.";

"7. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.";

- жогоруда аталган Указ менен бекитилген КОРду турмушка ашыруу боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө Жобонун 11, 12- жана 13-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"11. Кыргыз Республикасынын Президенти - Улуттук кеңештин төрагасы, ал эми Кыргыз Республикасынын Премьер-министри анын орунбасары болуп саналат. Улуттук кеңештин мүчөлөрү анын жыйналыштарына алмашуу укугу болбостон жеке катышат.

12. Улуттук кеңештин ишинин планы анын жыйналыштарында бекитилет. Күн тартибин - Улуттук кеңештин төрагасы, ал эми ал жокто төраганын орунбасары аныктайт. Улуттук кеңештин жыйналыштары жарым жылда кеминде бир жолу өткөрүлөт.

13. Улуттук кеңештин ишин анын жумушчу органы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмү камсыз кылат.".

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
