Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 36 «»Кыргыз Республикасын 2010-жылга чейип өнүктүрүүнүн комплекстүү негизин турмушка ашыруу боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 23-августундагы Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 5 апреля 2007 года №157 "О Национальном совете по Стратегическому развитию Кыргызстана"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2007-04-05.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 157 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫГЫ 2006-жылдын 27-январы ПЖ № 36 "Кыргыз Республикасын 2010-жылга чейип өнүктүрүүнүн комплекстүү негизин турмушка ашыруу боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 23-августундагы Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
Кыргыз Республикасын 2010-жылга чейин өнүктүрүүнүн комплекстүү негизинин (мындан ары - КОР) милдеттерин турмушка ашыруу процессин жалпы координациялоону жана башкарууну мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын жана жарандык коомдун иштиктүү өнөктүгүнүн принциптеринде камсыз кылуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасын 2010-жылга чейин өнүктүрүүнүн комплекстүү негизин турмушка ашыруу боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинни 2001-жылдын 23-августундагы № 259 Указына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган Указдын 4, 5- жана 7-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын.
"4. КОРдун улуттук координаторунун милдеттери Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмүндө стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмү түзүлүп, ал Улуттук кеңештин жумушчу органы болуп санала тургандыгы белгиленсин.";
"7. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.";
- жогоруда аталган Указ менен бекитилген КОРду турмушка ашыруу боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө Жобонун 11, 12- жана 13-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Кыргыз Республикасынын Президенти - Улуттук кеңештин төрагасы, ал эми Кыргыз Республикасынын Премьер-министри анын орунбасары болуп саналат. Улуттук кеңештин мүчөлөрү анын жыйналыштарына алмашуу укугу болбостон жеке катышат.
12. Улуттук кеңештин ишинин планы анын жыйналыштарында бекитилет. Күн тартибин - Улуттук кеңештин төрагасы, ал эми ал жокто төраганын орунбасары аныктайт. Улуттук кеңештин жыйналыштары жарым жылда кеминде бир жолу өткөрүлөт.
13. Улуттук кеңештин ишин анын жумушчу органы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмү камсыз кылат.".
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Указ Президента КР от 23 августа 2001 года №259 "О Национальном совете по реализации Комплексной основы развития Кыргызской Республики до 2010 года"Указ · 23.08.2001 · № 259 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-апрелиндеги №157 "Кыргызстанды стратегиялык өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.04.2007 · № 157 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение о Национальном совете по реализации Комплексной основы развития Кыргызской Республики (Утверждено Указом Президента КР от 23 августа 2001 года №259)Положение · 23.08.2001 · № 259 · Күчүн жоготкон