# КР Президентинин 2014-жылдын 28 мартындагы ПЖ № 64 "Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: КР Президентинин 2014-жылдын 28 мартындагы ПЖ № 64 "Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.01.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/63003>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-6857/edition/769387/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/63003.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2014-жылдын 28 мартындагы ПЖ № 64 "Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (31.01.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/63003

---

КР Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2014-жылдын 28 марты ПЖ № 64 Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы № 145 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринде:

"Атайын мамлекеттик кызмат орундары" деген 2-главанын "Кыргыз Республикасынын сот бийлиги" деген графасында: II топ төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасынын орун басары"; III топтун биринчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
