# 5-статья

- Документ: [Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/630)
- Толук аталышы: КР 1996-жылдын 26-июнундагы № 23 "Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 23
- Кабыл алынган күнү: 26.06.1996
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.06.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 июня 2026 года № 93 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда, социального обеспечения и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048140)
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам труда и социального обеспечения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112539)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.03.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам труда и социального обеспечения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112539); 18.12.2015 [Закон КР от 18 декабря 2015 года № 227 "О внесении изменений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики и Закон Кыргызской Республики "Об обеспечении своевременности выдачи заработной платы, пенсий, пособий и иных социальных выплат"](https://aqlex.ai/kg/doc/111271)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/630#diff=1234877..1234878>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/630/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-596/edition/1234875/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/630/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө, 5-статья (23.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/630/st-5

---

Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү берүүнү беш күндөн ашык кечиктирүүдө күнөөлүү болгон мамлекеттик башкаруу органдары, ишканалар жана жумуш берүүчүлөр аларды алуучуларга инфляциянын официалдуу белгиленген деңгээлин эске алуу менен төлөп беришет, ошондой эле ар-бир кечиктирилген күч үчүн төлөнө элек сумманын 0,15 проценти өлчөмүндө үстөк төлөшөт. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн үстөктүн жалпы суммасы карыздын негизги суммасынын 200 процентинен ашуусу мүмкүн эмес. Үстөктүн эң жогорку суммасынын ушул чектөөсү мамлекеттик башкаруу органдары, ишканалар жана жумуш берүүчүлөр тарабынан эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөп берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткен учурдан тарта мезгилге карата жана кызматкер тарабынан жумуш берүүчүгө карыздын мөөнөтү өтүп кеткен суммасын төлөп берүү тууралуу жазуу жүзүндө талап койгонго чейин гана колдонулат. Кызматкер мамлекеттик башкаруу органдарына, ишканаларга жана жумуш берүүчүлөргө карыздын мөөнөтү өтүп кеткен суммасын төлөп берүү тууралуу талап койгондон кийин үстөктүн эң жогорку суммасынын чектөөсү колдонулбайт жана ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн үстөк иш жүзүндө эсептешүү күнүнө чейин кошуп эсептелет. (КР 2015-жылдын 18-декабрындагы № 227, 2023-жылдын 9-мартындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/630/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/630/st-6)
