Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин 2014-жылдын 20 мартындагы ПЖ № 62 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинде парламеттик көпчүлүк коалициясын түзүү жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-02-24.
КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 62 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2014-жылдын 20 марты ПЖ № 62 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинде парламеттик көпчүлүк коалициясын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинде фракциялардын "Ырыс алды - ынтымак" коалициясы парламенттик көпчүлүк статусун жоготкондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, 84-беренесинин 2 жана 7-бөлүктөрүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык ТОКТОМ КЫЛАМ: Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын парламенттик фракциясына парламенттик көпчүлүк коалициясын түзүү жана 2014-жылдын 11-апрелинен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын кароону жана бекитүүнү, түзүмүн жана курамын аныктоону камсыз кылуу сунуш кылынсын. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын парламенттик фракциясына парламенттик көпчүлүк коалициясын жана коалициялык макулдашууну түзүүнүн жүрүшүндө бийликтин бардык бутактарынын башкы милдети болуп мам лекеттүүлүктү бекемдөө жана 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын сөзсүз ишке ашыруу эсептелерин көңүлгө алуу сунушталсын.
3.Парламенттик фракциялар парламенттик көпчүлүк коалициясын жана коалициялык макулдашууну түзгөндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын катуу сактасын. Коррупциялык коркунучтарды эске алып, административдик ведомстволордогу, башка органдардагы жана уюмдардагы кызмат орундарын фракциялар ортосунда бөлүштүрүүнүн колдонуудагы практикасынан баш тартып, коалициялык макулдашууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гана курамын аныктасын.
4. Бул Жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон