# 9-статья. Ишканалардын, мекемелердин жана башка уюмдардын жетекчилеринин жана кызмат адамдарынын милдеттери

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/629)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 17-июнундагы № 22 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1996
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-595/edition/1209343/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/629/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө, 9-статья (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-9

---

Чарба субъектилеринин жетекчилери жана кызмат адамдары менчигинин түрлөрүнө карабастан өздөрүнүн компетенцияларына тиешелүү төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1) объектилерде өрт коопсуздугун жана тийиштүү өрткө каршы режимди камсыз кылууга;

2) бардык технологиялык түйүндөрдүн жана өндүрүш-чарба ишмердигинин этаптарында өрт коопсуздугун камсыз кылуучу уюштуруу-штаттык курамды, кызматтык милдеттерди жана контроль системаларын түзүүгө;

3) объектилердин экономикалык жана социалдык өнүгүү пландарында өрт коопсуздугу боюнча уюштуруучу жана инженердик-техникалык иш-чараларды кароого, алардын аткарылышын камсыз кылууга;

4) объектилерди долбоорлоо, куруу, оңдоп конструкциялоо жана пайдалануу учурунда өрт коопсуздугу боюнча нормативдик актылардын жана мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн кызмат адамдарынын мыйзамдуу талаптарын өз убагында жана толук аткарууну камсыз кылууга;

5) ыктыярдуу өрттөн сактоо уюшмаларын түзүү жолу менен өрттүн алдын алууда жана аны өчүрүүдө эмгек жамааттарынын катышуусун камсыз кылууга, жумушчуларды, инженердик-техникалык кызматкерлерди жана кызматчыларды өрт коопсуздугунун эрежелерине окутууну уюштурууга;

6) өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуучуларга таасир көрсөтүү чараларын кабыл алууга;

7) өрттүн чыгышы боюнча изилдөө жүргүзүүгө жана анын чыгышынын себебин, шарттарын аныктап, аны жоюу үчүн зарыл чараларды кабыл алууга, өрттүн чыгышына күнөөлүүлөрдөн мыйзам белгилеген тартипте келтирилген материалдык зыянды өндүрүп алууга.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-10)
