# 8-статья. Министрликтердин, административдик ведомстволордун, мекемелердин жана уюмдардын милдеттери

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/629)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 17-июнундагы № 22 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1996
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2017 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111591)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/629#diff=1209348..1209349>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-595/edition/1209343/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/629/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө, 8-статья (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-8

---

Министрликтер, административдик ведомстволор, мекемелер жана уюмдар өздөрүнүн компетенцияларына ылайык төмөндөгүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:

1) өздөрүнө баш ийген ведомстволук объектилерде жана/же аймактарда өрт коопсуздугун уюштурууну, профилактикалоо жана техникалык чаралар боюнча маселелерди жүргүзүүнү жана аларга зарыл болгон финансылоону кароону;

2) өздөрүнө баш ийген ведомстволук объектилерде өрткө каршы коргонуу маселелери боюнча долбоорлоо жана илим-изилдөө иштерин жүргүзүүнү;

3) иштелип жаткан техникалык регламенттердин долбоорлору стандарттарга, техникалык шарттарга, паспортторго, эрежелерге, инструкцияларга жана башка документацияларга өрт коопсуздугунун талаптарын киргизүүнү жана долбоорлоону, курууну, оңдоп конструкциялоону жана объектилерди пайдаланууда, ошондой эле буюмдарды, материалдарды, машиналарды, приборлорду, жабдууларды жана башка товарларды чыгарууда алардын аткарылышын контролго алууну жүзөгө ашырууну;

4) өрт коопсуздугунун чаралары боюнча адистерди даярдоону жана кайра даярдоону, жумушчуларды, кызматчыларды, студенттерди, окуучуларды окутууну;

5) өздөрүнө баш ийген ведомстволук ишканалардын жана мекемелердин ведомстволук өрттөн сактануу уюмдарын түзүүсүн жана финансылоосун, алардын материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө жана өркүндөтүүгө катышуусун;

6) өрт коопсуздугунун маселелери боюнча ведомстволук инструкцияларды белгиленген тартипте иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

7) өздөрүнө баш ийген ведомстволук объектилерде чыккан өрттөрдү эсепке алууну жана талдоону, өрттүн чыгышына тике же кыйыр түрдө күнөөлүү жетекчилерге жана кызмат адамдарына карата тийиштүү чараларды көрүүнү.

(КР 2017-жылдын 18-майындагы № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-9)
