# 7-статья. Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун милдеттери

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/629)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 17-июнундагы № 22 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1996
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-595/edition/1209343/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/629/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө, 7-статья (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-7

---

Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун милдеттерине төмөндөгүлөр кирет:

1) өрт коопсуздугу боюнча бирдиктүү саясат жүргүзүү;

2) өрт коопсуздугу системасын түзүү жана башкаруу, анын негизги милдеттерин жана финансылоо булактарын аныктоо, анын укугун камсыз кылуу;

3) өрт коопсуздугу кызматынын ишмердигинин принциптерин, курамын, санын жана материалдык-техникалык жактан камсыз болуусун аныктоо;

4) ишканаларды, мекемелерди, уюмдарды жана элдүү пункттарды өрттөн сактоо жагындагы илимий изилдөөлөрдү координациялоо жана жүргүзүү;

5) өндүрүш маселесин чечүү жана өрткө каршы техника менен жабдууларды сатып алуу;

6) өрткө каршы жумуштарды аткарууга жана өрткө каршы техника менен жабдууларды чыгарууга адистешкен чакан ишканалардын жана ыктыярдуу өрттөн сактануу уюшмаларынын иштөөсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-8)
