7-статья. Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун милдеттери
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
Мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун милдеттерине төмөндөгүлөр кирет:
1) өрт коопсуздугу боюнча бирдиктүү саясат жүргүзүү;
2) өрт коопсуздугу системасын түзүү жана башкаруу, анын негизги милдеттерин жана финансылоо булактарын аныктоо, анын укугун камсыз кылуу;
3) өрт коопсуздугу кызматынын ишмердигинин принциптерин, курамын, санын жана материалдык-техникалык жактан камсыз болуусун аныктоо;
4) ишканаларды, мекемелерди, уюмдарды жана элдүү пункттарды өрттөн сактоо жагындагы илимий изилдөөлөрдү координациялоо жана жүргүзүү;
5) өндүрүш маселесин чечүү жана өрткө каршы техника менен жабдууларды сатып алуу;
6) өрткө каршы жумуштарды аткарууга жана өрткө каршы техника менен жабдууларды чыгарууга адистешкен чакан ишканалардын жана ыктыярдуу өрттөн сактануу уюшмаларынын иштөөсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/629/st-7" title="7-статья - Өрт коопсуздугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>