# 25-статья. Өрт коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/629)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 17-июнундагы № 22 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1996
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2017 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111591)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/629#diff=1209348..1209349>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-595/edition/1209343/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/629/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө, 25-статья (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-25

---

Мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн кызматкерлери өрттүн алдын алуу жана берилген укуктарын пайдалануу боюнча өздөрүнө жүктөлгөн көзөмөл функцияларын туура эмес аткаргандыгы үчүн мыйзам белгилеген тартипте жоопкерчиликке тартылышат. Өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери алдын алууда аларга жүктөлгөн функцияларды жана милдеттерди талаптагыдай аткарбаганы үчүн мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти тартышат. Менчиктин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан министрликтердин, административдик ведомстволордун, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын объектилериндеги өрт коопсуздугун камсыз кылуу тиешелүү кызмат адамдарына жана юридикалык жактарга жүктөлөт, ал эми шаарлар жана элдүү пункттар боюнча жалпысынан - жергиликтүү бийликтин органдары жана башкармалары жоопкерчиликте болушат. Турак жайлардагы, үйлөрдөгү, кароо-жайлардагы, дачалардагы жана бак ичиндеги үйлөрдөгү өрт коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик квартирада жашоочуларга жана үй ээлерине жүктөлөт. (КР 2017-жылдын 18-майындагы № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-26)
