22-статья. Өрт коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын республикалык камсыздандыруу уюмдары менен өз ара аракеттери
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 мая 2017 года № 83
Эгерде жетекчилердин жана башка кызмат адамдарынын карасанатайлыгынын жана шалакылыгынын натыйжасында, ошондой эле мыйзамдар же башка нормативдик актылар белгилеген өрт коопсуздугунун эрежелерин аткарбаганда же одоно бузган учурларда, республиканын камсыздандыруу уюмдары ведомстволук таандыгына жана менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, уюмдарда, мекемелерде чыккан өрттөр боюнча камсыздандыруу суммаларын (ордун толуктоочу камсыздандырууларды) толук же жарым-жартылай төлөп бербей коюуга акылуу. Республиканын камсыздандыруу уюмдары өрт фактылары боюнча камсыздандыруу суммаларын (ордун толуктоочу камсыздандырууларды) өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү аймактык ыйгарым укуктуу органдын атайын корутундусу болгондо гана төлөп беришет. Өрт фактылары боюнча корутундулар мүдөөлүү ведомстволорго, мекемелерге, уюмдарга жана граждандарга суранган (арыз берген) учурдан тартып 10 күндүн ичинде берилет. Өрттү болтурбай коюуга арналган иш-чараларды финансылоо ыктыярдуу принцип боюнча өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы менен камсыздандыруу уюмдарынын ортосундагы эки тараптуу макулдашуунун негизинде камсыздандыруу уюмдары тарабынан жүргүзүлөт. (КР 2011-жылдын 16-июнундагы № 49, 2017-жылдын 18-майындагы № 83 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/629/st-22" title="22-статья - Өрт коопсуздугу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>