# 21-статья. Өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин укуктук абалы, кызмат өтөө тартиби жана социалдык кепилдиктери

- Документ: [Өрт коопсуздугу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/629)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 17-июнундагы № 22 "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 22
- Кабыл алынган күнү: 17.06.1996
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2017 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111591)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.05.2017 [Закон КР от 18 мая 2017 года № 83 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111591); 16.06.2011 [Закон КР от 16 июня 2011 года № 49 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О пожарной безопасности""](https://aqlex.ai/kg/doc/203293); 30.12.2009 [Закон КР от 30 декабря 2009 года № 319 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203242)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/629#diff=1209348..1209349>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-595/edition/1209343/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/629/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугу жөнүндө, 21-статья (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-21

---

Өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү мамлекеттин коргоосунда болот. Аларга Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктар, социалдык кепилдиктер жайылтылат. Өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчыларынын кызмат өтөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тиешелүү жобо менен аныкталат. Өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчылары өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга катышуу үчүн ишке тартылышы мүмкүн. Мында кызмат мөөнөтү бир күнү үч күнгө эсеп кылынат. Өрттүн алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аскер кызматчыларына жана кызматкерлерине өрт өчүрүүгө, ошондой эле эмгек шарты оор, зыяндуу жана өмүргө коркунуч келтирген иштер үчүн кошумча акы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген өлчөмдө жана тартипте жүргүзүлөт. (КР 2005-жылдын 14-июнундагы № 76, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2011-жылдын 16-июнундагы № 49, 2017-жылдын 18-майындагы № 83 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-20)  
Кийинки берене: [211-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/629/st-211)
